Жыйырмадан ашык адам бал муздакка ууланды

31-Март 2018, Ишемби, 15:38

Казакстандын Шымкент шаарында балмуздакка ууланган 20дан ашык адам ооруканада жатканын жергиликтүү “otyrar.kz” порталы кабарлады.

Маалыматтарга караганда үч тургун 28-мартта, дагы 20 адам 29-мартта шаардык ооруканага жеткирилген.

Бейтаптардын жашы бештен 18 жашка чейинкилер. Бардыгына курч ичеги инфекциялары боюнча диагноз коюлду.

Айрым маалыматтарга караганда бузулган балмуздак “Фантазия дүйнөсү” паркынын жанындагы дүкөндөн сатылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!