Экинчи мөөнөткө шайланган Ас-Сисини куттукташууда

3-Апр. 2018, Шейшемби, 12:39

Египетте экинчи мөөнөткө президенттикке шайланган Абдул-Фаттах Саид Хусейн Халил Ас-Сисиге араб дүйнөсүнөн жана батыштан куттуктоолор келип жатат. Палестинанын президенти Махмут Аббас телеграмма жиберсе, Англиянын Тышкы иштер министри иштешүүнү сабырсыздык менен күтүп жатканын билдирди. Телефон аркылуу куттуган Сауд Арабиянын королу Салман ибн Абдул-Азиз Египет менен болгон боордоштук жана достук мамилелер уланарын белгиледи.

Россиянын президенти Владимир Путин куттуктоосунда өлкөсүнүн Египет менен болгон стратегиялык өнөктөштүгүнө токтолду. Булар менен бирге Италия, Беларуссия, Армения жана Чехиянын мамлекет башчылары куттуктады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!