Бала уурдаган маймыл издөөгө алынды

3-Апр. 2018, Шейшемби, 13:40

“BBC” кызматынын кабарына ылайык Индиянын Орисса штатында бир маймыл өткөн ишембиде бир үйгө кирип, энесинин каршылыгына карабастан эркек баласын алып кеткен.

Бала эртеси күнү үйдүн артындагы кудуктан табылган. Дарыгерлер текшерүүгө алганда олуттуу зыян тийбегени белгилүү болду.

Айланадагылар маймыл баланы алып бара жатып кудукка түшүрүп жибергенин болжолдошууда. Маймылдар негизинен үйлөргө тамак аңдып ууруга киргенин айткан полиция бала уурдаган учур биринчи кездешип жатканын кошумчалады.

Маймылдарды кармоого адистешкен адамдар менен иштеген полиция кызматы баланы уурдаган жаныбар бир апта ичинде табыларынан үмүтөнүп жатканын белгилеген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!