Окуучулар жылтырак сумка көтөрөт

3-Апр. 2018, Шейшемби, 17:49

Флорида штатынын Паркленд шаарынын жетекчилиги окуу жайлардагы өспүрүмдөр арасындагы атышууларды кыскартуу үчүн түрдүү ыкмаларды ойлоп жатышат. Ал үчүн алар мектеп окуучуларына жылтырак, ичи көрүнгөн сумкаларды көтөрүүнү милдеттендирди.

Мындай ыкма менен мугалимдер окуучулар жанында эмнелерди алып жүргөнүн көзөмөлдөй алышат. Рюкзактар балдарга бекер таратылат. Булардан тышкары мектепке металлодетекторлор орнотулганы турат.


Буга чейин Флорида штатынын губернатору Рик Скотт жаңы мыйзамга кол койгон. Ага ылайык мектеп мугалимдери жана башка кызматкерлер курал алып жүрүшөт. Куралды 18 жаштан 21 жашка чейинкилер сатып алганга болот.

Белгилей кетсек, Паркленд шаарында “Marjory Stoneman Douglas” мектебинде 14-февралда атышуу болгон. Окуяда 17 адам курман болгон. Ага 19 жаштагы Николас Круз айыпталган. Ал бардык күнөөсүн мойнуна алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!