Окумуштуулар “Новичок” тууралуу айтышты

4-Апр. 2018, Шаршемби, 13:18

Британиялык окумуштуулар тыңчы Сергей Скрипаль жана анын кызын ууландырууга пайдаланылган зат кайдан өндүрүлгөнүн так аныктай алышкан жок. Бул тууралуу лабораторияны башчысы Портон-Даун Гэри Эйткенхед “Sky News” телеканалына берген маегинде айткан.

Ал нервге таасир эте турган зат советтик “Новичок” программасынын алкагында иштелип чыккан деген тыянакка келгенин айткан. Ошондой эле окумуштуу кол салууну артында Москва турганын, Британия бийлиги атайын кызматтардын изилдөөсүнө таянып ушундай жыйынтыкка келгенин кошумчалады.

Илимпоздун айтымында аскердик иштерге керектелген зат же мамлекеттик деңгээлдеги иш тууралуу сөз болуп жатканын баса белгиледи.

Март айынын башында ГРУнун полковниги, мурдагы тыңчы Сергей Скрипал Солсбери шаарында эсин жоготкон абалда табылган. Ал эмдигиче комада жатат.

Айрым маалыматтарга караганда ага ууну Россиядан кызынын таанышы алып келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!