Террорчулуктун курмандыктары 150 миңден ашты

4-Апр. 2018, Шаршемби, 16:54

Дүйнөдө террорчулуктун курмандыктары 2014-жылдан бери 152 миңге жетти. Мындай маалыматты Федералдык коопсуздук кызматынын директору Александр Бортников коопсуздук боюнча эл аралык конференцияда айтты.

Ал террактарда көз жумгандардын, жарат алгандардын саны өткөн жылы 32 миңге көбөйгөнүн белгиледи.

“Көптөгөн аракеттерге карабастан эл аралык террордук кол салуулардын глобалдык статистикасы жан кейитерлик”,-деген атайын кызматтын директор Жакынкы Чыгышта жана Африкада теракт күнүмдүк көрүнүшкө айланганын кошумчалады.

Буга чейин президент Владимир Путин террорчулукту куралдын күчү менен токтотуу мүмкүн эместигин айткан.

Президент террорчулуктун келип чыгуусуна эл аралык мамилелердеги адилетсиздик, көптөгөн мамлекеттрдеги жокчулук, жаштар арасында билимдин төмөндүгү себеп болуп жатканын баса белгилеген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!