“Шекер салыгы” күчүнө кирди

6-Апр. 2018, Жума, 12:06

Англияда жума күнү күчүнө кире турган шекер салыгына чейин “Coca-Cola” компаниясы “Sprite” жана “Fanta” суусундуктарындагы шекердин өлчөмүн 100 миллилитрде 5 граммдан төмөн кылып түшүрдү. Өкмөт бул жол аркылуу ашыкча салмак менен күрөшүүнү көздөгөн.

Англияда шекердин өлчөмүнө карата аны өндүргөндөрдөн салык алынары тууралуу мыйзам 6-апрелде күчүнө кирет.

Англиянын коомчулугунда “шекер салыгы” делген мыйзамга ылайык 100 миллитрде алкоголсуз суусундуктарда камтылган канттын өлчөмү 5 граммдан ашса литрине 18 панни (акча бирдиги) салык алуу каралган. Ал эми шекердин өлөмү 8 граммдан ашса литрине 24 пенни салык салынат.
Англия өкмөтү шекер салыгы боюнча чечимди 2016-жылдын март айында чыгарган. Бирок өндүрүүчүлөр өзгөрүүгө даярдык көрүү үчүн эки жыл убакыт сурашкан.

Бул жарлыктан кийин дүйнөдөг таттуу суусундуктарды маанилүү өлчөмдө өндүргөн “Coca-Cola” ишканасы Англиядагы сууларында шекердин санын азайтты. “Sprite” ичимдигинде 100 миллилитрдеги шекердин өлчөмү 6,9 граммдан 4,6 граммга төмөндөттү. “Fanta” суусундугунда 100 миллилитрде шекердин өлчөмүн 6,6 граммдан 3,3 граммга азайтканы белгилүү болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!