Айдын бетин элестеткен аймак бар

6-Апр. 2018, Жума, 17:56

Тунистин Татауин шаары кызыл жарлар жана булардан пайда болгон дөбөлөр менен Айдын бетиндей көрүнүшкө ээ.

Шаардын борборунан 15 чакырым аралыкта жайгашкан 5 гектарга жакын аймак кызылга боелгон. Бул көрүнүштөрдөн улам эл ал жакты Айдын бети деп атап алган.

Ал жакта туристтер өзүн айда жүргөндөй сезерин белгилешкен.

Тунисте кен байлыктарды иликтеген Хабиб Алжан бул жерге мурда маани берилбегенин, геологдор аймактын Айдын бетине окшоштургандан кийин гана ал жакка туристтер агылып келе баштаганын айтты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!