Сирия аскердик базаларын бошотту

11-Апр. 2018, Шаршемби, 10:02

Дума аймагына химиялык кол салуулар боюнча маалыматтардан кийин АКШ жана союздаштары Сирия бийлигине кол салууга даярданып жатканы белгиленүүдө.

Сирия армиясы кол салуу ыктымалдыгына карата чара көрүү максатында бутага алына турган аскердик базаларды бошоткону болжолдонууда. Американын армиясы боюнча маалымат кызматынан Патрик Ридер “Потенциалдуу аскердик аракеттерди карап жатабыз. Бул боюнча президентке сунушталды”,-деген.

Түнкү убактарда АКШ, Франция жана Англиянын ортосунда сүйлөшүүдө Сирия боюнча кадамдар талкууланды. Андан улам АКШ кол салууну өзү кылбай турганыны белгиленүүдө.

Трамптын сөзүнөн кийин элдин көзү Пентагондо
АКШнын президенти Дональд Трамп 9-апрелде Сирия боюнча чечим 24-48 саат ичинде чечилерин айтары менен көңүл Пентагонго бурулду.

Аскердик жана дипломатиялык сунуштар талкууда
Пентагондун маалымат каражаттары Эрик Пахон “Айрымдары аскердик, айрымдары дипломатиялык сунуштарды тандоодо. Учурда президент чечим чыгара электе бул боюнча айта албайм”,-деди.
Кипрдан чыккан кеме чыңалууну пайда кылды
АКШ күчтөрүнө тиешелүү Дональд Кук эсминеци Түштүк Кипрдагы Ларнак портунан чыкканы талкууларды жаратты. Россия учактары төмөн учуп тынчы кеткени кабарланды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!