Англия Сирияга кийлигишери маалымдалууда

12-Апр. 2018, Бейшемби, 15:22

“BBC” кызматынын кабарына ылайык Англиянын премьер-министри Тереза Мэй Сирияга аскердик кийлигишүү боюнча чечим чыгарууга даяр. Ал химиялык кол салууну ишке ашыргандарга жооп болушу керек деп эсептейт. Бул үчүн өкмөт башчы Англиянын парламентинин кароосуна да койбой турганы белгиленген.

Бирок башкы оппозициядагы Жумушчу партиясынын лидери Жереми Корбин Сирияга кийлигишүүгө каршы чыккан. Ал өкмөт бул боюнча парламенттин оюн угушу керектигин билдирген.

Өлкөдөгү дагы бир “Daily Telegraph” гезити премьер-министр өлкөнүн суу астында жүрүүчү кемелерине Сирияга сокку урууга буйрук бергенин жазды. Гезиттеги кабарда кол салуу бейшемби түнү болору баса белгиленген.

Англиянын маалымат каражаттарынан акыркы кеп “Sky” телеканалына таандык. Анда бейшембиде эртең менен Мэй “согуш" боюнча жыйынга чогуларын кабарлаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!