Россияга жагымдуу, акылдуу ракеталар жиберилери айтылды

12-Апр. 2018, Бейшемби, 16:41

Президент Дональд Трамп Россиянын Бейруттагы элчиси Александр Засыпкиндин “АКШ Сирияга ракеталык кол салуу кылса Россия бул ракеталар учурулган жерди бутага алат”,-деген сөзүнө жооп берди.

Трамп “Twitter” тармагына жазгандарында “Россия Сирияга жиберилген ар бир ракетага сокуу ураарын айтып жатат. Даяр бол Россия, анткени (ракеталар) келе тургандар жагымдуу, жаңы жана акылдуу болушат”,-деген.

Буга чейин “айбан” деген Асадга бул ирет “Газ менен өлтүргөн айбан” деген сөз колдонгон Трамп Россияга кайрылуусунда “Өз элин жок кылып, андан ырахат алган, газ колдонуп өлтүргөн айбан менен өнөктөш болбош керек эле”,-деген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!