​Атасын кетмен менен башка урган

13-Апр. 2018, Жума, 13:04

Өзбекстандын Фергана облусунда жергиликтүү жашоочу 56 жаштагы атасынын башын кетмен менен чаап таштады. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлаган.

Маалыматка караганда, окуя 10-апрелде болгон. Маркумдун кошуналарынын биринин айтымында, ата-бала картошка айдоо маалында урушуп кетишкен. 30 жаштагы баласы атасын башка кетмен менен чаап жиберген. Башы жарылган 56 жаштагы Дадажон Кучкаров ооруканада көз жумган. Атасынын өлтүрүүгө айыпталган уулу окуя болгон жерден качып кеткен.

Бул боюнча кылмыш иши козголду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!