Фетхуллах Гүлен: 15-июлду эл аралык комиссия иликтесе болмок

13-Апр. 2018, Жума, 16:26

Фетхуллах Гүлен: 15-июлду эл аралык комиссия иликтесе айыптоолор негизсиз экени белгилүү болмок

Финляндиянын “YLE TV” мамлекеттик телеканалынын журналисттери АКШга барып Фетхуллах Гүлен менен маек курушту. Анда Кызмат кыймылы боюнча кеңири маалыматтар айтылды.

Маекти түрк тилин жакшы деңгээлде билген Тим Канконнен алды. Журналисти коштогон топ Финляндия телеканалына репортаж даярдоо үчүн Гүлен жашаган пансионатта 3 күн болгон.
Фетхуллах Гүленге төңкөрүштү пландоо боюнча суроолор берилди. Гүлен бул суроого мындайча жооп берди. “Кандайдыр бир телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү барбы? Бир киши чыгып менин тапшырма бергеними айттыбы? Ал айтты, биз ал маселени орундаттык, бул демилге толугу менен ошол жактан келди деген болдубу? 15-июлду эл аралык комиссия иликтесе айыптоолор негизсиз экени белгилүү болмок”,-деп жооп берди.

Гүлен: Түнкүсүн уктай албайм
Канконнен Кызмат кыймылына илхам берген адам түнкүсүн уктай албай, колдоочуларынын келечегин ойлонорун, Бүгүн Түркияда болгондорду Гитлердин Германиясына салыштырганын жазды.
Гүлен болуп жаткандар тууралуу “Бул сыяктуу нерселер буга чейин Германияда дагы болду. Акыркы мезгилдерде Саддам Хусейин башкарган Иракта, азыркы күндө Йеменде, Каддафи башкарган Ливияда дагы буга окшогон нерселерди көрдүк”,-деген оюн айтты журналистке.

Гүлендин сөздөрүндө Эрдогандын атын түз атабаганына маани берилген кабарда буга байланыштуу билдирүүсүндө абдан ачык эле “Түркиядагы оппозициялык партиялар Эрдоганды айыптап жатат”,-деген.

Сейрек маектердин бири
“Kronoshaber”ден Эмир Коркмаздын кабарына ылайык Нью-Йорктон болжол менен 2 саат алыс тоолуу аймакта жашаган Гүлен бир учурларда Түркияда президент Тайип Эрдогандан кийин экинчи күчтүү адамы катары эске алынганы тууралуу айтылган кабарда “Учурда таасирин ири өлчөмдө жоготту” деген пикирине орун берилди.
Гүлен дале 1999-жылдан бери жашап жаткан Пенсильвания штатындагы тоолуу аймакта жашап жаткандыгын баса белгилеген Канконнен “Түркияда төңкөрүш аракеттери болгондон кийин Гүлен колдоочуларынын кармалышы жана аларга көрсөтүлгөн зулумдуктар боюнча кабарларды жазгам. Балким андан улам сейрек маек үчүн уруксат алдык окшойт”,-деген.

Маек кураардан мурда аймактагы адамдарга коңшусу тууралуу суроо берген Канконнен түрдүү жоопторду алган. Ал жактын тургундары таанымал адамдан кабардар экендигин айтышкан. Ошол эле мезгилде түрдүү пикирлерди угушкан.

Май куючу жайдан жолуккан бирөө аймакта жашаган жээни “Бул жакта Ортоңку чыгыштан бирөө бар” дегенин айтты.

Дагы бир кошунасы Гүлендин жолун жолдоочулар маал маалы менен түрдүү диндеги адамдарга тамак уюштуруп турарын билдирген.
Гүлен жашаган имараттарда 30дай адам жашаганын, иштегендердин, көпкө жашагандардын көбү студенттер экени белгиленген.
Кызматтын тарыхы
Кабарда 1960-жылдардан бери Түркияда активдүү болгон Кызмат кыймылы жеткиликтүү билим ала албаган жаштарга багытталган иштери менен өнүккөнү, кеңейип көп сандаган университеттерди ачканга жетишкени жазылган.
1990-жылдардан баштап өлкөнүн сыртына ачылган кыймыл телеканал, гезит журнал, банк ачканы белгиленген. Бирок акыркы мезгилдерде түрк өкмөтү бул мекемелерди жапканы кошумчаланган.
Гүленди колдоочулар Түркияда жана дүйнөнүн ар башка жеринде аңдууга алынганы жазылган кабарда “150 миң адам жумушун жоготту. Төңкөрүш аракетинен бери 50 миңден ашык адам Гүленди жолун жолдоочу деген негизде камакка алынды”,-деген сүйлөмдөр орун алган.

Мурда башкача эле
Эрдоган буга чейин Гүленге душман болбогону жазылган маалыматта кыймыл боюнча иликтеген “Cambridge” университетинин антропологу Каролина Teeнин оюу баса белгленген. Ал “Эрдоган менен Гүлен коомчулукта бир арада көп көрүнүшпөсө да экөөсү тең узак убакыт Түркияда диндин турмушта кеңири ролу болушу үчүн аракеттенген”,-деген.

Кабарда Гүлен Эрдоган менен кызматташтык тууралуу айтылгандарды жокко чыгарган. “Сизге чындыкты айтып жатам. Мындай нерселерди эч ким менен сүйлөшкөн жокмун. Өнүгүү үчүн эң жакшы жол демократия экенине ишенем. Бул боюнча түрдүү жолдор менен айттым”,-деген.
“Бомба менен өлтүрүшү мүмкүн”
Түрк өкмөтүнүн Гүленди жашаган жеринен алып качуу аракеттери боюнча айтылгандарды эске алып, адан улам Гүлен буга чейин жашаган жеринин кире беришиндеги жыгач үйдөн башка жерге көчүрүлгөнүн, жакындары анын коопсуздугун ойлошконун журналист баса белгилеген.
Гүлен өзү да “Мага жыгач үйдө бир бомба менен өлтүрүлөрүм айтылды. Түркия муну кылышы мүмкүн”,-деди.
“Люксту көрө алган жокпуз”
Түркияда өкмөттү жандаган медианын Гүлендин АКШда люкска бөлөнүп жашаганы тууралуу жарыялаганын эске салган Канконнен ал жакта болгонунда бул айтылгандарды тастыктай тургандай жерлерди көрө албагандыгын жазды. Ошондой эле журналист жолун жолдоочулар Гүлен дүйнөдөн өткөндөн кийин кыймылдын келечегин талкуулай баштагандыгын белгиледи.
Келечек Кудайдын колунда экенин белгилеген Фетхуллах Гүлен “Кылгандарыбыз туура экендигине ишенгендер иштерибизди улантат. Дүйнө жүзү кыймылга жакшы көз карашта”,-деп жооп берген.

Канконнен командасы менен биргеликте Гүлен жашаган жерге бара жатканда бир унаа тосуп калганын, “Бул жактан кеткиле” деп эскерткенин жазды. Ошол эле унааны жума намазына келгендердин унааларынын арасынан көргөнүн баса белгилеген журналист ал адам Түрк өкмөтүн жандаган телеканалдардан келгенин болжошконун билди. Аймакта жашагандар да Канконненге “Буга чейин айрым түрк телеканалдарынан келип бизден Гүлен тууралуу жаман пикирлерди айтууну талап кылган”,-деген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!