Макрон: “Сириядагы аскердик аракет негиздүү болгон”

16-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 11:28

Эммануэль Макрон маегинде өзүнүн президенттик кызматындагы биринчи жылы тууралуу айтты. Анда ал Сирияга болгон аскердик операциянын жыйынтыгына ыраазы экенин белгиледи.

“Биз зыян жерлерди зыянсыздандырдык”,-деген Франциянын президенти “Россиялык жана Сириялык бийликтин маалыматына караганда адамдар курман болгон жок. Биз ага жетиштик. Биз химиялык куралдарды өндүргөн жайларга сокку урдук. Зыяндуу куралды таратуу эл аралык конвенцияны бузуу болсо, аны пайдалануу андан жаман. Ошол эле учурда Россияга эч кандай ашыкча зыян тарткан жок”,-деди.

Франция лидери президент Трампты Сирияда аскердик контингентти калтырууга ынандырганын кошумчалады.

Андан кийин Ак үй Дональд Трамп бары бир Сириядан аскердик бөлүктөрүн тезирээк чыгарып кетүүнү чечкенин кабарлады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!