Путинден катаал билдирүүлөр

16-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 15:15

Россиянын президенти Путин Батыштын Сирияга кол салуулары кайталанса эл аралык мамилелерде хаос чыгарын айтты.

Россиянын президенти Владимир Путин менен Ирандын президенти Хасан Рухани бүгүн, 16-апрелде телефон аркылуу сүйлөштү. Кремлдин билдиргенине караганда Путин сүйлөшүүдө Хасан Руханиге АКШ, Англия жана Франциянын Сирияга абадан кол салуусунун Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) макулдашуусун бузганын айткан.

Сириянын борбору Дамаскка жакынкы Дума аймагын көзөмөлгө алган куралдуу топтор жана ага жакын кайрымдуулук уюмдары өткөн аптада өкмөттүк армияны химиялык кол салуу менен айыптаган.

Сирия өкмөтү бул боюнча айыптарды четке какса, Россиянын адистери изилдөөдө химиялык заттардын изин табылбаганын белгилеген.

Ага карабастан Франция, АКШ жана Англия күчтөрү ишемби, 14-апрелде таңга маал Сириядагы химиялык куралдар сакталган делген айрым борборлорго ракета аткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!