Айрым тиркемелер балдарды аңдыйт

16-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 16:41

“Google Play” тиркемелер дүкөнүндө 3 миң 337 Android тиркеме үй-бүлө жана балдарын маалыматтарын туура эмес жол менен чогултуп жатканы белгилүү болду.

Акыркы “Facebook” жаңжалынан кийин бул жагынан чочулагандар көп. Бирок иштеп чыккандар өздөрү ахлактык кадам жасабаса маалымат топтоо иштеринен кутулуу мүмкүн эместей.

Өспүрүмдөр эмнеге кызыгары, кайда барганы же эмнелерди көрөрү тууралуу айрым маалыматтарды топтоо канчалык каршылыктарга карабастан учурда керектүү болуп жаткансыйт. Бирок кичине балдарга тиешелүү маалыматтарды топтоо түшүнүксүз жагдай жаратууда.

АКШда айрым иликтөөчүлөр тест долбоорлору аркылуу үй-бүлө жана балага ыктаган 3 миң 337 Android тиркемеси кичине балдардын маалыматтарын жыйнаганын аныктады.

Изилдөөгө алынган жалпы 5 миң 855 тиркеменин арасынан 281и ата-энелерден уруксат алган эмес.

Бул боюнча маселелерди чечүүнүн жолу жогоруда айтылгандай азырынча табыла элек. Анткен менен бул тиркемелердин көбү мыйзамдарды жана Google саясаттын бузууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!