Арменияда саясий тиреш

23-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 18:11

Арменияда саясий тиреш күч алууда. Экс-президент Серж Сарксяндын премьер-министр болуп айындалышына каршы чыккан оппозициянын лидерлери жана 277 козголоңчу камакка алынды.

10 күндөн бери көчөдө жүргөн миңдеген адамдар экс-президент Серж Сарксянды премьер-миистрлик кызматынан кетирүүнү көздөөдө.

Белгилей кетсек, Серж Сарксян эки мөөнөт өлкө башкарган. Ага удаа премьер-министрликтин кызматка келген.

2015-жылы референдум менен кабыл алынган Баш мыйзамдагы өзгөрүүлөргө байланыштуу президенттеги маанилүү башкаруу иштери өкмөт башчыга өткөрүлгөн. Өлкөнү кайра эле Серж Сарксян башкарарын айткан оппозициячылар анын кызматтан чегинүүсүн талап кылууда.

“Бул шантаж” деп жолугушуу аяктады

Миңдеген адамдар борбор Ереванда көчөлөрдө жүргөндө Серж Сарксян оппозиция лидери Никол Пашинян менен жолукту. Сүйлөшүүлөр чыңалуу менен аяктады. Телеканалдардан бул жолугушуу тууралуу 3 мүнөт көрсөттү.

Пашинян Сарксянга “Бул жерге кызматтан чегинүңүздү сүйлөшүү үчүн келдим”,-дегенде премьер-министр буга ачууланды. “Бул шантаж”,-деп жолугушуудан чыгып кетти. Оппозициянын лидери да сыртка чыгып, демонстранттарга кошулду. Андан көп өтпөй эки депутаты менен бирге камакка алынды.

Еревандын көчөлөрү кайрадан баш аламандык башталды. Полиция менен нааразы тараптын ортосунда кагылышуу болду. Окуяда 277 козголоңчу камакка алынды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!