Тарыхый жолугушууга саналуу сааттар калды

26-Апр. 2018, Бейшемби, 15:17

Түндүк Кореяны жетектеген Ким Чен Ын жума, 27-апрелде Корея жарым аралын бөлүп турган чек арадан өтүп, бейтарап аймакка барган өлкөнүн алгачкы лидери болгону калды.

“BBC” кызматынын маалыматына караганда Ким Чен Ын кара жолдогу чек арадан өтүп аскерлер жайгаштырылбаган аймакта Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин менен жергиликтүү саат 09.30да жолугушат.

Тарыхый жолугушууда башкы тема Түндүк Кореянын өзөктүк куралдардан арылтуу болмокчу. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда туруктуу тынчтык макулдашуусуна кол коюлары күтүлөт.

1950-1953-жылы Корея согушунан кийин ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууга кол коюлган. Бирок туруктуу тынчтык макулдашуусу боюнча сөз болгон эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!