“Россия эң көп иштеген 5-өлкө”

28-Апр. 2018, Ишемби, 12:29

Түштүк Корея парламенти аптада иштөө убактысынын жогорку чеги болгон 68ден 52ге чейин төмөндөтө турган мыйзамды кабыл алып, иштегендерге узак мезгилден бери күтүп жүргөн эс алуусун берди.

Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун маалыматына (OECD) караганда Түштүк Корея өнүккөн өлкөлөрдүн арасында эң узак жумушчу сааты менен белгилүү. Июль айында күчүнө кире турган жаңы мыйзам алгачкы этапта ири ишканалар баш ийет.

Мексика эң көп иштеген мамлекет

OECD 2017-жылы жарыялаган Иш менен камсыз кылуу рапортунда узак иштегендердин тизмесинде алгачкы беш орунга Мексика, Коста-Рика, Түштүк Корея, Греция жана Россия жазылды.

Иштерман шаарлар

Дүйнөдөгү эң ири каржы “UBS 71” ишканасы бир нече шаарларды изилдөөгө алган. Анда аптада 50.1 саат иштеген Гон Конг тизмеге биринчи болуп жазылган. Ага удаа 43.7 саат менен Мумбай, 43.5 саат менен Мехико, 42.6 саат менен Жаңы Дели жана 42.1 саат менен Бангок турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!