Каза болгондордун саны 9га жетти

28-Апр. 2018, Ишемби, 14:20

Кытайдын Шэньси провинциясындагы Мичжи уездиндеги мектеп окуучуларына бычак менен кол салууда өлтүрүлгөндөрдүн саны 9 адамга жетти ,-деп билдирет уезддин бийлиги.

Буга чейин каза болгондордун саны 7, жабыркагандар 12 адам экендиги маалым болгон.Эки бала жаракат алып, көп өтпөй ооруканада каза болгон,-деп жазат РИА Новости агенттиги.

Кол салуу 27-апрель күнү болжол менен 18:10до балдар мектептен кетип жаткан кезде болгон. 1990- жылы туулган Чфао аттуу жаш бала алдынан биринчи болуп чыккан балдарга бычак менен кол салган. Өзү мурда ошол мектептен билим алган.

Кармалган соң ал бирге окуган классташтары окуучулук кезде кемсинткендерин, өч алуу максатында бул ишке барганын айткан.

Укук коргоо органдары иликтөө иштерин жүргүзүп, жабыркаган балдар ооруканага жеткирилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!