13 саатта 37 миң чагылган түштү

28-Апр. 2018, Ишемби, 16:40

Индиянын Андхра-Прадеш штатында 13 саат ичинде 36 миң 749 чагылган түшкөнү белгилүү болду.

“BBC” кызматындагы кабарга ылайык аталган штатта жаратылыш кырсыгынан 9 адам көз жумган.

Индияда муссон жамгырлары мезгилинде чагылган түшкөн учур көп кездешет. Расмий маалыматтарга караганда 2005-жылдан бери өлкөдө чагылгандын кесепетинен 2 миңдей адам көз жумган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!