Георгий тасмасын тагынгандар чек арадан өткөн жок

4-Май 2018, Жума, 16:11

Украинанын Мамлекеттик чек ара кызматы Россиянын эки жаранын жүгүнө тагылган Георгий тасмасы үчүн өлкөгө киргизген эмес.

Аталган мекеменин маалымат катчысы Олег Слободян “Facebook” тармагындагы баракчасына бул “Борисполь” аэропортунда болгонун белгиленди.

“Туристтердин жүгүндө Украинада тыюу салынган Георгий тасмасы тагылган. Чек арачылар бул символиканы алып салууну Россия федерациясынын жарандарынан талап кылган. Алар каршы болгондон улам чек арачылар өлкөгө киргизүүдөн баш тарткан”,-деп жазган Слободян.

Эске сала кетсек, Украинада Георгий ленталарын даярдоого жана үгүттөөгө тыюу салган мыйзам өткөн жылдын июнь айында күчүнө кирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!