Аэропорттон 50 крокодил салынган кутулар кармалды

5-Май 2018, Ишемби, 12:08

Лондондогу Хитроу аэропортунда жүктөрдүн арасынан 50 крокодил салынган беш куту чыкты.

Сойлоп жүрүүчүлөр Малайзиядан алынып келингенин “The Telegraph” басылмасы жазган. Алар Кембриджшир графтыгындагы фермага тамак-ашка пайдаланууга берилмек.

Басылмада маалымдалгандай бул жаныбарлар эрежелерге ылайык алынып келинген эмес. Кутуларга туура эмес салынгандыктан бир крокодил өлгөн. Калгандары Малайзияга кайтарылганы турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!