Абак аукционго коюлду

5-Май 2018, Ишемби, 14:44

2014-жылы июль айында жабылган мурдагы абакты Нью-Йорк штатынын бийлиги аукционго койгону жатат. Шатогай түрмө комплексинин аянты тогуз миң чарчы метр. Минималдуу баасы 100 миң доллардан башталат.

Абак өз ишин губернатор Эндрю Куомонун бир нече түзөтүү мекемелерин жабуу жана кылмышкерлердин санын кыскартуу планынын негизинде ишин токтоткон.

Комплекс Канада менен чектеш аймакта жайгашкан. Андыктан бийлик Канаданын компанияларына жарнамалап жатат. Аукцион 24-июлда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!