Принцтин тоюна коноктор тамак аш ала келет

5-Май 2018, Ишемби, 15:45

Принц Гарри жана америкалык актриса Меган Марклдын үйлөнүү үлпөтүнө Улуу Британиянын 1 миң 200 катардагы тургуну чакырылды. Коноктор жанына тамак ашын ала келүүнү суранышууда. Алар той өткөн жерде тамак алуу кыйын экенин айтышканын “The Guardian” гезити жазды.

Чакырылгандар төрт саат элдин санын көп көргөзүү үчүн турушат. Эфир учурунда сарайдын ичи бош болбошу керек.

Принц Гарри жана Меган Марклдын үлпөтү 2018-жылдын 19-майында өтөт. Иш-чарага 2 миң 640 адам чакырылган. 1 миң 200 тургуну Улуу Британиянын булуң бурчунан келсе, эки жүзү кайрымдуулук уюмдарынын кызматкерлери. Жергиликтүү мектептерден жүз окуучу чакырылса, Виндзор сарайынын жамааттынан 610 адам катышат. Королдун үй-бүлө мүчөлөрүнөн 501 киши болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!