Владимир Путин кызматына киришти

7-Май 2018, Дүйшөмбү, 16:45

Владимир Путин мамлекет башчылык кызматына расмий түрдө киришти.

Беш миңдей адам катышкан инаугурация Чоң Кремль сарайында өттү. Президент Конституцияны кармап ант берди жана Россия элине кайрылуу жасады.

Анда ал Россиянын жана элдин алдында өзүнүн чоң жоопкерчилигин сезип жатканын айтты. Ошондой эле президент өлкөнүн келечекте өсүп өнүгүүсүнө колунан келгенин жасай тургандыгын кошумчалады.

Президент өзүнүн милдети элине жана Ата Мекенине кызмат кылуу экенин баса белгилеп, артыкчылыктуу милдеттери билим берүү, саламаттыкты сактоо, эне-балага кам көрүү экенин билдирди. Ошондой эле президент россиялыктарга анын талапкерлигин колдогонуна ыраазычылык билдирди.

Иш-чаранын жүрүшү

Инаугурация Ардактуу кароолдун мамлекеттин желегин, президенттин Штандартын, Конституцияны жана президенттин белгисин алып келүү менен башталды.

Владимир Путин чоң Кремль сарайына иш-чара башталар алдында келди.

Анын Кремлдин биринчи корпусундагы кабинеттен чыгып келгенин маалымат каражаттары түз алып көрсөттү. Чоң сарайга жетүү үчүн президент жаңы “Кортеж” долбоорунун лимузинин колдонду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!