Ички иштер министрине кол салуу болду

7-Май 2018, Дүйшөмбү, 18:15

Пакистандын Ички иштер министри Ахсан Икбал кичи мекени Наровалда катышкан митингде куралдуу кол салууга учурады.

Пакистандын мамлекеттик радиосу өлкөнүн чыгышындагы Наровалда катталган куралдуу кол салууда Икбал оң далысынан жарат алган.

Олуттуу коркунуч жок

Икбал биринчиден аймактагы ооруканага, ага удаа Лахордогу ири ооруканага жиберилди. Пенжап провинциясы полициясы колго түшкөн адамдын сурагы уланып жатканын белгиледи. Полициянын жетекчиси Имран Кишвар кол салуучунун 20-22 жаштарында бир эркек болгондугу жана 20 метр аралыкта ок чыгарганын белгиледи. Ошондой эле жараты оор эместигин билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!