“Times” гезити: Түркиядагы шайлоолор эркин да, адилет да болбойт

8-Май 2018, Шейшемби, 18:03

Англиянын “The Times” гезитиндеги маалыматтарга караганда “Эркин да, адилеттүү да эмес” деген темада макала жарыяланды. Анда президент Режеп Тайип Эрдогандын шайлоодо жеңишке жетүү үчүн бардык оппозициянын үнүн басканын жазган.

“Премьер-министр жана президент катары 15 жылдан бери бийликте болгон Эрдоган шайлоону көпчүлүк менен жеңет. Оппозицияга толеранттуу болбогон Эрдоган өзүнөн башка эч ким жеңбей тургандай болду. Бир жылдан кийин өтө турган шайлоону өзгөчө кырдаалдын артыкчылыгын пайдалануу, өнөктүктөргө, медиага, сөз эркиндигин кысымга алуу үчүн келерки айга белгиледи. Булар да шайлоонун эркин жана адилеттүү болбой турганынын кепилдиги сыяктуу көрүнүүдө”,-деп жазылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!