“Forbes” дүйнөнүн күчтүүлөрүн тандады

10-Май 2018, Бейшемби, 12:01

Американын экономикалык “Forbes” журналы 2018-жылдагы дүйнөдөгү эң күчтүү адамдардын тизмесин түздү.

Анда алдыңкы саптарга Кытайдын президенти Си Цзиньпин, экинчи орунда Россиянын өлкө башчысы Владимир Путин, үчүнчү кезекке АКШнын президенти Дональд Трамп жазылды.

Басылманын жетекчилери 75 адамдын аты-жөнү жазылган тизмени даярдоодо алардын адамдарды жетектөө жөндөмдүүлүктөрүн, бийлигин, каржылык булактарын канчалык таасирдүү пайдаланганын эске алган.

Бул ирет Си Цзиньпиндин Путинден озуп, алдыңкы сапка жазылганы кызыгууларды жаратууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!