Израиль Сирияга кол салды

10-Май 2018, Бейшемби, 14:11

Израиль армиясы Иран күчтөрү Сириядан Израилге карата болжолдуу 20 ракета аткандыгы белгиленди. Бул боюнча жасалган жазуу жүзүндөгү билдирүүдө Иран Революциялык гвардиясына караштуу “Аль-Кудс” күчү Сириядан Израилдин окуппациясындагы Голан дөбөлөрүндөгү базаларды көздөй жыйырмага жакын ракета аткандыгы белгиленген.

Ракеталардын бардыгын Израилдин абадан коргоочу Темир кубба системасы аркылуу таасирсиз абалга келтирилгени жазылган билдирүүдө андан жабыркагандар жок экени баса белгиленген.

Израиль Сириянын түштүгүнө кол салды

Израиль Сириянын түштүгүндөгү Кунейтра аймагына караштуу Баас, Хадар шаарларына танка жана абадан аткылаган.

Жергиликтүү булактардан маалыматына караганда Израиль күчтөрүнүн оккупациясындагы Голан аймагынан Сириянын түштүгүндөгү Башар Асаддын режиминин көзөмөлүндөгү Баас жана Хадар шаарына танк менен атылган.

Режим күчтөрү ракеталарга туруштук берүүгө киришкенде Израилдин согуштук күчтөрү Баас шаарынын айланасындагы аймактарга жана Кунейтра аймагынын түндүгүндөгү Тел Ахмар аймагына кол салган.

Израиль армиясынын жетекчилери Сирияга болгон кол салууларга байланыштуу билдирүү жасаган эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!