Кондиционерлер уу таратууда

10-Май 2018, Бейшемби, 15:22

Жаңы Зеландиянын Аукленд шаарынын борборундагы көп кабаттуу имаратта газдан ууланган 14 адам ооруканага жаткырылды. 50сү окуя болгон жерде медициналык жардам алды.

“Радио Жаңы Зеландиянын” кабарына ылайык Виктория жана Элиот көчөөсү кесилишкен бурчтагы 16 кабаттуу “Augusta House” имаратынын кондиционерлеринен белгисиз жыт чыккан.

Австралиянын “Qantas” авиакомпаниясынын кеңселери жайгашкан имаратка келген тез жардам кызматы 14 адамды ооруканага жеткирген.

Көңүлү айнуу, кусуу, баш оору сыяктуу белгилер байкалган бейтаптардын абалы туруктуу.

Жаңы Зеландияда Өрт жана тез жардам кызматы боюнча жооптуу Дав Воон дале белгисиз болуп жаткан газ бир жерден сызылып чыгып жатканын айтты. “Жыт тарады. Андан улам эмнеден болуп жатканын түшүнө албай жатабыз”,-деген.

Полиция жана өрт өчүрүүчү адистер газдын түрү менен кандай зат сызылып жатканын иликтөөдөдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!