Учактан үч адамды ыргытып жиберишкен

14-Апр. 2017, Жума

"Мексикада белгисиз бирөөлөр абадагы учуп бара жаткан учактан үч адамды ыргытып жиберген",- деп жазды чет өлкөлүк "TeleCinco.es" сайты.

Бир эркек адамдын сөөгү оорукананын чатырынан табылды. Күбөлөрдүн билдирүүсү боюнча аны учактан ыргытып жиберишкен.

Кайгылуу окуя Мексиканын Синалоа штатында болгон. Дагы эки адамдын сөөгү Кульякандан 60 чакырым алыс эмес Арболдас фермасынын аймагынан табылган. Үч адамдын сөөгү бир учактан ыргытылган деген божомолдор айтылууда. Полиция изилдөө иштерин жүргүзүшүүдө.

Синалоа штаты наркотикалык заттарды сатуу менен аралашкан криминалдуу уюмдары менен таанымал. Бул штат белгилүү наркоборон Хоакин Гусман Лоэра 2016-жылы камалганга чейин башкарып турган. Ал камалгандан бери анын ордун басып алуу үчүн түрдүү мафиялардын ортосунда чыр чатактар катталып, абал күчөп келүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!