Түркиядагы референдумду сынга алышты

18-Апр. 2017, Шейшемби

Европа коопсуздук кызматташтык уюму (ЕККУ) менен Еврокеңештин парламенттик ассамблеясынын (ПАСЕ) байкоочулар миссиясы Түркиядагы референдумду сынга алышты. Алар өнөктүк “тең укуктуу шартта өтпөгөнүн” жана добуштарды саноодо акыркы учурда процедура өзгөртүлгөнүн билдиришти.

17-апрелде ЕККУ миссиясынын жетекчиси Тана де Зулуэта Түркияда өткөн референдум эл аралык стандарттарга туура келбей тургандыгын айтты. Ал добуш берүү өлкөдө өзгөчө кырдаал режими өкүм сүргөн учурда өткөндүгүн белгилеп, коопсуздук операцияларынан улам үйүн таштай качууга аргасыз болгондор, алардын ичинде Түркиянын түштүк-чыгышындагы күрд эли добуш берүүдө кыйынчылык тартканын билдирди.

“Андан тышкары биз үгүт өнөктүгү маалында бир кыйла теңсиздикти, тактап айтканда, президент баш болгон бир топ мамлекеттик жана жергиликтүү жетекчилердин "ооба" дегенди жактап, кызуу үгүт жүргүзгөнүн байкадык”,– деди ал.

Миссия жетекчиси өнөктүк маалында “кээ бир жогорку кызматтагы аткамиинерлер “жок” дегенди жактаган адамдардын айрымдарын терроризмдин жактоочуларына теңегенин” айтты.

“Көпчүлүк учурларда “жок” дегенди жактагандар иш-чараларды өткөрүүдө полициянын кийлигишүүлөрүнө жана тоскоолдугуна кабылышты”,–деди ал. ПАСЕ байкоочуларынын делегация башчысы Цезарь Флорин Преда болсо “үгүт өнөктүгү маалында тараптар бирдей мүмкүндүктөргө ээ болбогонун” белгиледи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!