Кытайда гунндардын күмбөзү табылды

4-Май 2017, Бейшемби

Археологдор Кытайдын Хэнань провинциясынан 1,8 миң жыл мурда бул аймактарда көчүп-конуп жүргөн гунндарга таандык 18 байыркы көрүстөндү табышкан. Казуу иштеринин маалында шуру, алтын сөйкө, канжар сыяктуу гунндар күнүмдүк турмушта көп колдогон буюмдар чыкты.

“Чакан көрүстөндөрдүн ичи кыш менен капталган. Алар Кытайдын кадимки көрүстөндөрүнө окшобогондуктан Чыгыш Хань династиясына таандык экенин болжолдоого болот”,-дейт Кытай академиясынын коомдук илимдер боюнча кызматкери Шэнь Вэньси.

Анын айтымында, табылгалар жакшы сакталып калган. “Алардын ар биринин жогору жагынан эки көзөнөктү байкоого болот. Мындай конструкция көчмөндөргө таандык”,-дейт окумуштуу.

Табылгалар 2017-жылдын ноябрына чейин толугу менен ачылат. Андан соң археологдор ар тараптуу изилдөөгө киришет.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!