АКШ Афганистандагы аскерлерин көбөйтүшү мүмкүн

10-Май 2017, Шаршемби

Президент Дональд Трампка Афганистанда Американын аскердик стратегияларын өзгөртүү боюнча сунуш даярдалды. Анда контингентти чоңойтуу жана Коргоо министерлигинин укуктарын кеңейтүү жагы каралган. Мындай маалыматты “The Washington Post” гезити жарыялаган.

“Планда Афганистанда америкалык аскер кызматкерлеринин санын көбөйтүү же учурда 8,4 миң жоокер болсо ага үч миңден кем эмес аскер кошуу каралган”,-деп жазылат. Ошону менен бирге Коргоо министрлигине “Талибан” кыймылынын согушкерлерине каршы авиация колдонуу укугун кеңейтүү жагы белгиленген.

Трамп азырынча бул стратегияны жактыра элек. Бул боюнча акыркы чечимди президент 25-майда Брюсселде өтө турган НАТОнун саммитине чейин кабыл алары болжолдонууда. Ал макул болсо Вашингтон үчүн учурда 23 миллиард долларга жеткен чыгым мындан да көбөйөрү күтүлөт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!