Лавров менен жолугушуу жакшы өттү

11-Май 2017, Бейшемби

АКШнын президенти Дональд Трамп Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушкандан кийин сүйлөшүүлөр абдан жакшы өткөнүн айтты.

Ак үйдүн билдирүүсүнө караганда, Трамп Сирияда тынчтык орнотуу үчүн биргеликте иштөө зарылдыгын айтып, Асаддын режимин жана Иранды ооздуктоо керектигин белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө АКШнын президенти Украина маселесине токтолуп, Кошмо Штаттар андагы кагылышуулардын токтошун жактай турганын билдирди. Андан сырткары Жакынкы Чыгыштагы жана башка аймактардагы жаңжалдарды жайгаруу боюнча кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүндүктөрү жөнүндө айтып, Америка менен Россиянын ортосундагы алакалардын жакшырышын каалай турганын белгиледи.

Сергей Лавров Вашингтондогу маалымат жыйынында Россия менен АКШ Сирияда коопсуз тилкелерди түзүү боюнча кызматташууга даяр экендигин белгиледи. Анын айтымында, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө бул боюнча өз ара аракеттешүү механизмдери талкууланды.

Лавров Трамп менен АКШдагы шайлоолорго Россиянын кийлигишүүсү тууралуу сөз болбогонун айтты. Ал бул теманын айланасындагы талаш-тартыштарды “ашкан тартипсиздик” деп атады.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!