Афганистан - Орто Азия: темир жол курулат

16-Май 2017, Шейшемби

Кабулдагы Кытайдын элчиси Яо Цзин “Ariananews” телеканалына берген маегинде “Бир алкак – бир жол” долборунун алкагында Афганистан, Иран жана Орто Азиянын ортосунда темир жол куруу пландалып жатканын айтты.

“Биз Афганистанды ийгиликке жетүүсү үчүн программабызга кошууну кааладык. Афганистан Орто Азия менен Түштүк Азияны байланыштырган аймак болуп саналат”,-деди элчи.


Афганистандын Соода-өндүрүш палатасынын (ACCI) өкүлү темир жол өлкөнүн экономикасынын өсүүсүнө пайдасын тийгизерин билдирди.

“Жаңы Жибек-жолунун башталышы абдан маанилүү. Афганистан инвестициялык жана транзиттик секторлордо көмөк көрсөтөт”,- деди ACCIнин өкүлү.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!