Айдын топурагы 4 миллион долларга сатылат

23-Май 2017, Шейшемби

Астронавт Нил Армстронг Жерге алып келген Айдын топурагы салынган баштык Нью-Йоркто сатыкка коюлат.

Ал үстүбүздөгү жылдын 20-июлунда адамдын Айга учканынын 48 жылдыгына карата өтө турган аукциондо сатыкка чыгарылмакчы. 4 миллион долларга бааланган артефактан түшкөн каражаттын бир бөлүгүн “Sotheby's” кайрымдуулукка жумшарын белгилеген.

“Айдан кайтарылган үлгү” (Lunar sample return) деген жазуусу бар ак баштык 1969-жылы Айдагы “Аполлон-11” миссиясына байланыштуу. Анда Нил Армстронг Айдын “Жымжырттык деңизи” (Sea of Tranquility) районунан алынган чаң жана топурактын үлгүсүн алып келген.

АКШнын мыйзамдары Айга барган топтун артефакттарын жеке адамдардын сатуусуна уруксат бербейт. Бирок 2015-жылдын февралында катачылыктардан улам өкмөт Чикагонун тургунунун сумкасын Техаста өткөн аукциондордун биринде 995 долларга саткан.

Мүшөк көргөзмөгө 2006-жылы уурулук жана экспонаттарды кайра сатуу менен айыпталган Канзандагы космосфера жана космос борборунун куратору аркылуу жеткен. Бирок соттун чечиминде айтылган мүлктөр артефакт эмес, музейдин кураторуна таандык кадимки мүшөк экени жазылган.

2016-жылы Канзас штатынын аймактык соту Чикагонун тургунунун мыйзамдуу колдонгон сумкасы экенин такстыктаган. NASAнын баштыкты өздөрүнө алуу аракетине карабастан аял өзүнө кайтарылган артефактты аукционго койгон.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!