Нааразычылык акциясында 50 адам жабыркады

25-Май 2017, Бейшемби

Бразилиянын борборунда шаршемби, 24-майда өткөн массалык акция жана башаламандыктардан 49 адам жаракат алса, жетөө камакка алынды. Мындай маалыматты “Folha de Sao Paulo” порталы жазган.

Нааразы тарап президент Мишел Темердин кызматынан чегинүүсүн, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону өткөрүүнү талап кылган. Айрым маалыматтарда каршылык акциясына жүз, жүз элүү миң адам катышканы жазылса, бийлик 35 миң киши катышканын билдирген.

Баш аламандыктарда жети министрликтин имараты жабыркаган. Айрымдарына өрткө, кээ бирөөлөрү талоонго кабылган.

Президент Темер аскерлерге мекемелердин имараттарын коргоону жана демонстранттарга 31-майга чейин туруштук берүүнү тапшырган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!