Макрон: Түркия согушкерлерге каршы чыккандар менен күрөшүп жатат

Макрон: Түркия согушкерлерге каршы чыккандар менен күрөшүп жатат
5-Дек. 2019, Бейшемби, 15:10

Франциянын президенти Эммануэль Макрон НАТОнун мааракелик саммитинин алдында Лондондо америкалык кесиптеши Дональд Трамп менен жолугушту. Бул боюнча өткөргөн маалымат жыйынында Түркияны террорчулар менен кызматташканга айыптап, лидери Режеп Тайип Эрдогандын дарегине сын айтты. Ошондой эле Франция тарап маалымат жыйынында франко-америкалык кызматташтык маанилүү экенин билдирүүсүндө “Биз экстремизм менен биргеликте күрөшүп жатабыз»,-деди.

Макрон: “Сирия жана Иракта согуш аяктай элек. Аймактагы туруксуздук биздин террорчулар менен күрөшүбүзгө терс таасирин тийгизип жатат. Террорчулук коркунучуна каршы турууда тилекке каршы биримдик жок. НАТОнун мүчөсү Түркия биз тарап же согушкерлерге каршы чыгып жаткандар менен күрөшүп жатат”,-деди.

Ал Түркияны сындап жатып “Түркия бир эле убакта Түндүкатлантикалык альянстын мүчөсү болуп туруп Россиядан чыккан куралдарды алууда»,-деди.

Лондондо НАТО саммитинин аянтчасында Дональд Трамп француз кесиптеши менен жолугушкандан кийин “Биз Париждин Россия боюнча позициясына кошулабыз. Биз Россия менен чындап эле түшүнүүгө келе алабыз жана бул ойдо жалгыз эмес экенбиз. Орустар куралданууну чектөө боюнча келишим түзгүсү келет. Биз да ушуну каалайбыз. Бул мыкты жетишкендик болот”,-деди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
978 адам Кыргызстандын жараны болду
978 адам Кыргызстандын жараны болду
Куралдуу күчтөрдүн жана ЖАМКнын аскер кызматкерлери батирлүү болушту
Куралдуу күчтөрдүн жана ЖАМКнын аскер кызматкерлери батирлүү болушту
Байма Сутенова
Байма Сутенова "Даңк" ордени менен сыйланды
Баткенде күч түзүмдөрү жаңы жылга карата күчөтүлгөн тартипте иштешет
Баткенде күч түзүмдөрү жаңы жылга карата күчөтүлгөн тартипте иштешет
Розетта Айматова III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды
Розетта Айматова III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды
 Сүйүнчү! ​Футбол борборун курууга жер табылды
Сүйүнчү! ​Футбол борборун курууга жер табылды
Учак кырсыгында жабыркаган ​Кыргызстандын жаранына операция жасалды
Учак кырсыгында жабыркаган ​Кыргызстандын жаранына операция жасалды
Бишкектеги коомдук унаалардын мыктысы аныкталды
Бишкектеги коомдук унаалардын мыктысы аныкталды
​Криштиану Роналду кайрадан “Реалга” кайтабы?
​Криштиану Роналду кайрадан “Реалга” кайтабы?
Сыдыгалиев: Текебаевдин айткандары чындыкка дал келбейт (видео)
Сыдыгалиев: Текебаевдин айткандары чындыкка дал келбейт (видео)
Бакиров:
Бакиров: "Чычкан жылы чындыктын, өнүгүүнүн жылы болсун"
Федор Емельяненко биринчи раунда нокаут жыкты (видео)
Федор Емельяненко биринчи раунда нокаут жыкты (видео)
Шашылыш билдирүү: бүгүн жана эртең кар көчкү түшөт
Шашылыш билдирүү: бүгүн жана эртең кар көчкү түшөт
Жүрөк тууралуу кызыктуу маалымат
Жүрөк тууралуу кызыктуу маалымат
2020-жылы кандай технологиялар сизди таң калтырат?
2020-жылы кандай технологиялар сизди таң калтырат?
​Велосипед тепкен Аяз аталар Бишкектин көчөлөрүн кыдырат
​Велосипед тепкен Аяз аталар Бишкектин көчөлөрүн кыдырат