Кабулда эл өкмөттүн отставкасын талап кылууда

2-Июнь 2017, Жума

Полиция өкмөттүн отставкага кетүүсүн талап кылган демонстранттардын тобун абага ок чыгаруу менен токтотууга аракеттенүүдө. Бул тууралуу “Рейтер” агенттиги кабарлады.

Маалыматтарга караганда жардыруу болгон аймакка жакын жерге миңден ашуун тургун чогулду. Алардын айрымдары полициянын тосмолорунан ашып өтүүгө аракет кылды. Мындан улам полция кызматкерлери абага ок чыгарууга аргасыз болушту.

Эскерте кетсек, 31-майда Кабулда элчиликтер жана башка маанилүү имараттар жайгашкан аймакта жардыруу болгон. Окуяда жүзгө жакын адам көз жумса, алты жүзү түрдүү жаракаттарды алган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!