Лондон: жаракат алгандардын саны 50 жетти

5-Июнь 2017, Дүйшөмбү

Лондондогу 4-июнга караган түнү болуп өткөн террордук чабуулдан кийин ооруканага кайрылгандардын саны 48 адамга жетти. Бул тууралуу шаардык тез жардам кызматы “Twitter” баракчасына билдирди.

Буга чейин 30 жарадар адам тууралуу кабар келип түшкөн. Мындан сырткары полициянын берген маалыматы боюнча алты адам курман болгон.

Эскерте кетсек, 3-июнь күнү кечинде белгисиз унаа Лондон көпүрөсүнөн Боро базарына чейин жөө жүргөн адамдарды сүзүп, андан соң терроист машинадан чыгып, ал жерден жөө жүргөн адамдарды бычакташкан. Ошондой эле Воксхолл районунда да кылмыш катталып, бирок укук коргоо кызматкерлери бул окуя болуп өткөн терракт менен байланыш жок экендигин маалымдады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!