Террордук чабуулга шектүү 12 адам кармалды

5-Июнь 2017, Дүйшөмбү

Укук коргоо кызматкерлери Лондондогу террордук чабуулга шектүү делген 12 адам кармалды. Бул тууралуу 4-июнь кунү "BBC News" маалымат агенттиги кабарлады.

Акыркы маалыматтар боюнча жети адам курман болуп, 48 адам түрдүү жаракаттарды алышкан. Лондондуктарга чабуул койгон үч киши полиция кызматкерлери тарабынан атып өлтүрүлгөн.

Эскерте кетсек, 3-июнь күнү кечке маал террористтер ак түстөгү унаа менен Лондон көпүрөсүндөгү эс алып жүрүшкөн жөө жүргүнчүлөрдү тебелеп, Боро базарына чейин жетишкен. Андан кийин унаадан чыгып, бычак менен адамдарга кол салышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!