Мэрилин Монронун үйү 7,25 млн долларга сатылды

5-Июнь 2017, Дүйшөмбү

“АКШда 7,25 млн долларга Мэрилин Монро өмүрүнүн акыркы сааттарын өткөргөн үй сатылды”,- деп билдирет “ Los Angeles Business Journal”.

Маалыматка ылайык, Лос-Анджелестин Брентвуд районунда жайгашкан үй он күнгө жетпей сатылган. Сатып алуучу белгиленген баадан 350 миңге жогору сумманы сунуштаган. 1929-жылы курулган үйдүн жалпы аянты 240 квадрат метрди түзөт.

Мэрилин Монро бул үйдө өмүрүнүн акыркы күндөрүн өткөргөн. Тергөө иштери көрсөткөндөй, актрисанын өлүмүнө уктатуучу дарылардын көп өлчөмдө кабылдашы себеп болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!