Башкы катчы дүйнөлүк океанды сактоого чакырды

6-Июнь 2017, Шейшемби

БУУ Нью-Йорктогу штаб-квартирасында беш күндүк жыйынын баштады. Болжолдуу түрдө төрт миңге жакын катышуучулар жана 80ге жакын мамлекет башчылары океан жана көлдөргө коркунуч алып келип жаткан экологиялык жагдайларды талкуулоо үчүн чогулушту. Бул тууралуу “Евроньюс” маалымат кызматы кабарлады.

Чогулгандарга БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш кайрылып:

"Биз көптөгөн жылдар бою экономикалык жана чек ара кызыкчылыктары үчүн экологдорго тоскоолдуктарды жаратып келебиз-бул темп менен океандардын абалы начарлай бермекчи.

Биз узак мөөнөттүү глобалдык балээни алдын алуу үчүн, кыска мөөнөттүү мамлекеттик кызыкчылыктарды четке коюп туруубуз керек. Океандарды сактап калуу, суу ресурстарын кылдат пайдалануу өзүбүздүн өмүрүбүз үчүн зор мааниге ээ”,-деди.

БУУнун башкы катчысынын улутук кызыкчылыктан бүтүндөй планетанын пайдасын жогору коюусу байкоочулардын көңүлүн бурду, себеби АКШнын президентинин климат боюнча Париж макулдашуусунан чыгуу чечимин айткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!