Россия тирешүүгө кызыкдар эмес

7-Июнь 2017, Шаршемби

"Россия АКШ менен Катардын ортосунда чыңалуу болушуна кызыкдар эмес, ал эми Россиянын дарегине карата айтылып жаткан кайсы бир орус хакерлери чабуул жасагандыгы ууралуу кептер Вашингтон менен Москванын ортосун кагыштыруу аракеттери",-деп билдирди РИА Новости агенттигине Эл аралык иштер боюнча федерация кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары Владимир Джабаров.

Буга чейин “CNN” телеканалы иликтөөнүн жүрүшүнө тааныш болгон булакка таянуу менен АКШ Катардагы маалымат агенттиктерине орус хаккерлери чабуул койгон деп шектенип жатканын кабарлаган эле.

Телеканал АКШнын атын атагысы келбеген расмий тараптарына шилтеме кылуу менен хакердик чабуулдун максаты АКШ жана анын союздаштары, негизинен Катар менен мамилени бузуу болгон деп ырастайт.

Буга эч кандай далилдер берилген эмес.

“Россия Катар жана АКШнын ортосуна от салууга эч кандай кызыкчылыгы жок. Тескерисинче, бул айыптоолордон Жакынкы Чыгыштын "башкы оюнчулары” болгон АКШ менен Россияны бири-бирине каршы түртүү аракетин көрүп жатам”, -дейт Джабаров

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!