Кытай:“Бир үй-бүлө, бир-ит”

9-Июнь 2017, Жума

Кытайдын Циндао шаарынын бийлиги тургундарга иттерди асыроо боюнча чектөөлөрдү койду. Бул туралуу “Лента.ру” сайты “Тhe South China Morning Post”го шилтеме берүү менен кабарлайт.

Маалыматка ылайык, бир үй-бүлөдө бир жаныбардан көп эмес болушу керек. Ошондуктан, 40тан ашык ит тукумдарын багууга тыюу салынат. Алардын арасында, тибет мастифи, доберман жана питбул кирет.

8-июндан тартып ит ээлери жаш курагы, түсү жана түрлөрү көрсөтүү менен, аларды каттоодон өткөрүлөрү керек болот.

Бирден ашык ит баккандарга 500дөн 2000 юанга чейин (74төн 295 долларга) айып төлөөгө тартылат. Эгер бул чараларга карабай кайталана берсе, анда үй жаныбарын тартып алышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!