Премьердин аялын атып салышкан

16-Июнь 2017, Жума

58 жаштагы Липолело Табанени үйүнө кайтып келе жатканда белгисиз адамдар мыкаачылык менен унаасында өлтүрүп кетишкен.

Түштүк Африканын Лесото Падышалыгында шумдуктуу кылмышты иликтөө иштери журүүдө. Жаңы гана шайланган өкмөт башчы Том Табаненин аялын, күйөөсүнүн инаугурация аземинен бир нече сааттан кийин атып кетишкен.

Окуя Лесотонун борборунан алыс эмес Масана шаарында болгон. Жергиликтүү милиция кызматкери Клифорд Молефе “Reuters”ге маалымат берген. Анда ал “58 жаштагы Том Табаненин жубайы Липолело аземден кийин курбусу менен бирге (кээ бир маалыматтарда досу) үйүнө кайтып келе жаткан. Үйүнөн анча алыс эмес жерде аларга белгисиз бир адам кол салып бир нече жолу саясатчынын аялын андан кийин жанындагы коштоочусун атып кетишкен.

Липолело Табане алган жаракатынан улам ошол жерден көз жумган. Кылмыштын себептери али белгисиз бойдон калууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!