Газга карызы барлар ажылыкка барбайт

1-Июль 2017, Ишемби

“Озодлик” радиосунун кабарына ылайык Ташкент имамы Анвар Турсунов электр, суу жана газга карызы барлар тезинен төлөбөсө ажылыкка барбай тургандыгын айткан.

“Бир сумдук карызы болсо да ажылыкка кабыл алынбайт”,-деген имам ысырап кылынган ар бир тамчы суу үчүн Кудайдын алдында эсеп береилерин баса белгилеген. “Өзбекстанда намаз окуган, ажылыкка барган, бирок электрге болгон карызды төлөбөгөндөр бар”,-деген.

Расмий маалыматтарга караганда өлкө жарандарынын жаратылыш газы жана электрге болгон карызы болжол менен 1,25 миллиард доллар. Анткен менен бир топ тургундар газ жана электр үзгүлтүккө учурарын айтып арызданып келишет. Өлкөнүн бир топ аймагында электр жарыгы саналуу гана саатка берилсе, айрым аймактарда жаратылышы газы жок.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!