“Брексит” сүйлөшүүлөрүнүн 2-туру башталды

18-Июль 2017, Шейшемби

Брюсселде Англиянын Европа биримдигинен (ЕБ) бөлүнүүсү (Брексит) боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы башталды.

Бир аптага созула турган сүйлөшүүлөрдөн мурда ЕБ комиссиясынын “Брексит” боюнча сүйлөшүүлөрдү жетектеген Мишель Барнье жана Англиянын “Брексит” министри Дэвид Дэвис маалымат каражаттарына билдирүү жасады.


“Бул жолу башкы темаларга терең кайрылабыз”,-деген Барнье ишти илгерилетүү үчүн тараптар бардык ойлорун ортого салуусу керектигин айтты. Ошондой эле ал талкууга түшө турган башкы темалар жарандардын укуктары, каржылык макулдашууга байланыштуу экенин кошумчалады.

Ал эми Англиянын “Брексит” министри Дэвид Дэвис тараптардын ортосундагы бирдей жана айырмалуу пикирлерди белгилөө менен ишке киришерин, Түндүк Ирландиянын чек арасынын абалы талкууланарын билдирди.


Белгилей кетсек, “Брексит” сүйлөшүүлөрүнүн алгачкы айлампасы июнь айында өткөн. Анда тараптар артыкчылыктар жана жолугушуулар өтө турган күндөрдү белгилешкен. Айына бир апта өтө турган талкууда жарандык укуктар, Англиянын ЕБге төлөмдөрү макулдашылат.


Англия өткөн жылы июнь айында өткөрүлгөн референдумдун негизинде ЕБден бөлүнүүнү чечкен. Ал эми 29-мартта Лизбон макулдашуусунун 50-беренесинин негизинде бөлүнүү процессин расмий түрдө баштаган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!